Аба ырайы: 18-мартта өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан, кар жаайт

Аба ырайы: 18-мартта өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан, кар жаайт

18-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жок. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,

Талас аймагында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында  түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14,

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13,

Эртең, 18-мартта Бишкекте түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…….12°C, күндүзү 15………17°C.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>