Site icon Reporter.kg

Аба ырайы: 19-ноябрда кар, жаан

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан,  Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык зонасында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -2…+3

күндүз +7…+12

Талас району

түнкүсүн 0…-5

күндүз +5…+10

Баткен облусу

түнкүсүн -3…+2

күндүз +5…+10

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -3…+2

күндүз +5…+10

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн 0…-5

күндүз +7…+12

Нарын облусу

түнкүсүн -2…-7

күндүз +4…+9

Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүзгү жогорку температурасы +10…+12.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version