Аба ырайы: Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Аба ырайы: Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Бүгүн,9-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +12…+17;

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21 градус болот.

Бүгүн Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +15…+17 градуска жетет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>