Аба ырайы: эртең өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт

Аба ырайы: эртең өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 18-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1,

ОшБаткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3,

Нарында түнкүсүн -9…-24, күндүз -8…-13,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз 0…+2 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>