Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 18-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт.
Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,
Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3,
Нарында түнкүсүн -9…-24, күндүз -8…-13,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз 0…+2 градус болот.