Аба ырайы: Эртең өлкөнүн кээ бир аймактарында кар жаайт

Аба ырайы: Эртең өлкөнүн кээ бир аймактарында кар жаайт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, 9-январда Ысык-Көл акваторисында 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5;

Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…4;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…4;

Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -1…-3 градус суук болот.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>