Эртең, 15-августта Жалал-Абад менен Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Калган облустардын тоолуу райондорунда жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда