10-12-майда нөшөрлөгөн жаан жашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертет. Аандан тышкары дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Министрлик арыктарды таштандылардан тазалап, жээктерин бекемдөөнү сунуштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз