Site icon Reporter.kg

Абай Молдокматов Башкы прокурордун биринчи орун басарлыгынан бошотулду

Абай Молдокматов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Молдокматов Абай Молдокматович Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Президенттин администрациясы прокуратура органдарынын бир катар жетекчилерин бошотуу жөнүндө сунуш киргизгени маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version