Абайлаңыз сүрөт! Милиция Сокулукта сөөгү табылган аялдын тек-жайын тактоого жардам сурайт

Абайлаңыз сүрөт! Милиция Сокулукта сөөгү табылган аялдын тек-жайын тактоого жардам сурайт

Чүй облусунун Сокулук районундагы аймактык оорукананын жанынан европа түспөлүндөгү аялдын сөөгү табылды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, маркумдун сөөгүнөн зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.

Өзгөчө белгилери: жашы болжол менен 50-60 жаштарда, арык чырай, чачы ак.

 Үстүндөгү кийимдери: Көгүш түстөгү күрмө, бозгуч түстөгү спорттук куртка, көк көйнөк, ичи түктүү кара түстөгү шым жана кара бут кийим.

Эгер кимдир бирөөдө каза болгон адам тууралуу маалыматы болсо, Сокулук  райондук ички иштер башкармалыгына 0-3132-5-33-80, 0312 60-75-67, 0558 86-14-86, 0709 35-35-29 номурлары аркылуу кайрылып, же «102» кызматына кабарлап коюну суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>