Абайлаңыз! Алдамчылык жол менен чартердик рейстерге билет саткан 20 факты аныкталды

Абайлаңыз! Алдамчылык жол менен чартердик рейстерге билет саткан 20 факты аныкталды

Чартердик каттамдардын билеттери шылуундар тарабынан сатылып жатат деген маалымат Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан такталып, жыйынтыгында аталган мыйзам бузуу боюнча 20 факты аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү 5 миң 700 долларды түзгөн. Бул тууралуу аталган элчиликтин сайтында маалымдалат.

Пандемия маалында мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар акысыз чартердик каттам үчүн акча алган шылуундардын курмандыктары болуп калышкан. Бул боюнча бардык фактылар Москва шаарынын аймактык полиция бөлүмүнө катталды.

Жыйынтыгында үч кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр Орусиянын мыйзамына ылайык жоопко тартылышат. Андан сырткары 6 факты боюнча кылмыш ишин козгоо иштери жүрүүдө.

Кошумчалай кетсек, катталган фактынын ичинен 2 доочу өз арыздарын, материалдык чыгымдар ордуна келтирилгенден кийин артка кайтарып алышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>