Абайлаңыз видео! Бишкекте унаа мектеп окуучуларын сүзүп кетти

Абайлаңыз видео! Бишкекте унаа мектеп окуучуларын сүзүп кетти

Бишкекте жеңил унаа эки мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 20-ноябрь күнү саат 18:40 чамасында Шота Руставели жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Сбили ребёнка 20.11.2019 18:40 шота Руставели айни

Публикация от беспредел (@bezpredelkg)


Анда Honda Odyssey унаасы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 15 жана 14 жаштагы эки мектеп окуучусун сүзүп кеткен.

Окуучулар Тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа айып короого киргизилген. Аталган факты Кылмыштардын джана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>