Абайлагыла сүрөт! Шектүү Лимонтини эмне себептен өлтүргөнүн айтты

Абайлагыла сүрөт! Шектүү Лимонтини эмне себептен өлтүргөнүн айтты

Нарында Лимонти каймана аты менен белгилүү кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 28-мартта Нарында түшкө маал болгон. Кримтөбөлдү өлтүрүүгө шектелип, 1994-жылы туулган Т.Ш аттуу жаран кармалган. Шектүү Имаш Шамшиевдин уулу. Шамшиевди Лимонти 1998-жылы өлтүргөн.

“Сулаймановдун унаасын шектүү жаран алдын тосуп, ал машинасынан чыккан учурда бир нече ирет бычак менен сайган. Лимонти алган жаракатынан улам окуя болгон жерден жан берген. Ал эми Т.Ш. аттуу жаран кримтөбөлдүн сөөгүн унаасына салып алып, милицияга өзү келген. Шектүү милицияга атасын Лимонти өлтүргөнүн айтып, ошол себептен ушундай кадамга барганын билдирген”, — деп жазылат.

[su_image_carousel source=»media: 24768,24771,24772,24769″ crop=»none» autoplay=»4″]

Сулайманов 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал бир нече кылмыштарга шек саналып соттолгон. Кийин жатак абакка которулганы кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>