Site icon Reporter.kg

Абайлагыла сүрөт! Милиция сөөктү таанууга жардам сурайт

осторожно, фото

Чүй облусунда эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 6-июлунда, саат 10:00 чамасында, Чүй РИИБине 50-55 жаштардагы азиат улутундагы белгисиз адамдын сөөгү күч колдонулган өлүмдүн белгилери жок көчөлөрдүн биринен табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Белгилери: 165-170 см, арык чырай, чачы кыска.

Кийген кийимдери: сары көйнөк, кочкул көк шым, классикалык кара бут кийим.

Милиция бул адамды тааныгандар болсо Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтүнө 0 (312) 60-73-87 же 0 (501) 74-66-00 телефон номуру аркылуу кайрылууну суранат.

Exit mobile version