Site icon Reporter.kg

Абайлаңыз! Мэрия токтоп турган 9 унааны эвакуациялады

Бишкекте транспорт каражаттарын эвакуациялоо боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Биринчи май районунун аймагындагы жолдор, короолор, унаа токтотуучу жайлар жана техникалык тейлөө станциялары текшерилди. Анда 1 айдан 5 жылга чейинки мөөнөттө токтоп турган 9 унаа эвакуацияланды.

«Эвакуатордун чыгымдары ташталган унаалардын ээлерине жүктөлөт», — деп эскертет мэрия.

Exit mobile version