Site icon Reporter.kg

Абакка баңгизат жана спирт киргизмекчи болгон аскер кызматкерлери кармалды

Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү абагына баңгизат жана спирт киргизүүгө аракет кылган эки аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков билдирди.

Анын айтымында кармалгандар Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 2-батальонунда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери болушкан.

“Бири абактын көзөмөл өткөрмө пунктунда иштеген, экинчиси 2-батальондун иш кагаздарын жүргүзүүчү аскер кызматкери  болгон. Алар 21-мартка караган түнү абактын ичине 1 кг 700 гр марихуана жана 10 литр спирт киргизүүгө аракет кылышкан учурда кармалышкан”, — деди ал.

Кармалган аскер кызматкерлери Аламүдүн райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 24344,24343,24342,24341″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version