Site icon Reporter.kg

Тергөө абагына баңгизат ыргыткан «смотрящий» шериги менен кармалды

Баңгизаттын ири партиясын түзөтүү абагына ыргыткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-октябрда белгисиз адамдар Жазаларды аткаруу кызматынын №3 мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргыткан.

Баңгизат сырткы тосмо аркылуу ыргытылып, бирок көзөмөлдөөчү тилкеге түшүп калган. Окуя болгон жерден скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү эки таңгактагы зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, режимдик мекеменин аймагына алып өтүүгө аракет кылган заттар жалпы салмагы 2 килограмм 206 граммды түзгөн гашиш баңгизаты болуп саналат.

Бул факты боюнча ЖАКтын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМ жана ЖАК кызматкерлеринин биргеликте жүргүзгөн иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизатты ыргытууга тиешеси бар жарандардын өздүгү аныкталып, шектүүлөр айдап жүргөн «Дэу-Нексия» унаасы дагы табылган.

Жакында көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, кылмыштуу чөйрөдө «смотрящий» статусуна ээ болгон Чүй облусунун 1994-жылы туулган тургуну А.уулу Т., анын шериги Чүй облусунун 1980-жылы туулган тургуну М.Э. кармалды. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Соттун чечими менен кармалган жарандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, соттолгондордун арасында шектүүлөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version