Site icon Reporter.kg

Абакка ыргытмакчы болушканбы? Чүйдөгү №3 абактын жанынан баңгизат алып жүргөндөр кармалды

Чүй облусуна караштуу Новопокровка айылындагы №3 абакка жакын жерден баңгизат алып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирет.

2-декбарь күнү шектүү катары “Субару Легаси” үлгүсүндөгү авто унаа текшерүүгө алынган.  Текшерүүнүн жыйынтыгы менен унаадан жылтырыкка оролгон 6 даана түйүнчөк, 2 даана желим бөтөлкө табылып ичинде өзгөчө жыты бар өңү жашыл түстөгү 4 килограмм 48 грамм баңги затына окшош заттар  алынган.

Унаада 27, 26, 25 жана 19 жаштагы Кыргыстандын жарандары болгон.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш өндүрүшкө алынган.

Exit mobile version