Абакта отурган активистке айып пул төлөбөгөнү үчүн дагы жаза чегерилди

Абакта отурган активистке айып пул төлөбөгөнү үчүн дагы жаза чегерилди

Чымкент шаарынын Каратау райондук соту жарандык активист Нуржан Мухамедовду айып пул төлөбөгөнү үчүн 20 суткага камоо жөнүндө токтом чыгарды. Ал буга чейин полиция кызматкерине акарат келтирди деп айыпталып 223 миң теңге (530 доллар) төлөөгө милдеттендирилген.

Бул арада Мухамедов тыюу салынган уюмдун ишине катышуу айыбы боюнча жүрүп жаткан тергөө ишине байланыштуу 6-январдан бери абакта отурат.

Мухамедов соттун онлайн жыйынына катышып, абакта отурганына байланыштуу айып пулду төлөй албай жатканын, эркиндикке чыкса жалгыз эски машинесин сатууга даяр экенин айтты.

Мухамедов 20 суткалык жазасын качан өтөй турганы белгисиз.

Мухамедов былтыр октябрда полициячылар анын үйүнө күтүүсүз кирип келип, бала-чакасын коркутканын, үй-бүлөсүн коргоо үчүн колуна бычак жана балта алып, тартип сакчыларын сөккөнүн айткан.

Мухамедов –саясий туткундарды, жалгыз бой энелерди коргоп, нааразылык акцияларына катышып жүргөн активисттерди бири.

Казак укук коргоочулары аны саясий туткундардын тизмесине кошкон.

Мухамедов өлкөдө тыюу салынган «Көше партиясы» менен «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына катышы бар деп айыпталып келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>