Site icon Reporter.kg

Абакта отурган экс-чиновник эски бизнес өнөктөшүнүн көзүн тазалоо үчүн баш кесер жалдаган

ИИМдин кызматкерлери буйрутма адам өлтүрүүнүн алдын алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, аларга абакта отурган жаран буйрутма берип адам өлтүрүүнү көздөп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Териштирүү учурунда аныкталгандай, түрмөдө отурган 62 жаштагы М.Э. эски бизнес өнөктөшүнүн көзүн тазалоону пландап, аны аткара турган баш кесерди издеп жаткан. Ага ортодогу карыз себеп болгон. Буйрутма берген киши мурда чиновник болгон жана миллиондогон сомго алдамчылык кылганы үчүн соттолгон.

Аталган факт боюнча «адам өлтүрүүгө даярдануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буйрутма берген адам баш кесерге эски бизнес өнөктөшүнүн өлүмү кырсык катары көрүнүш керек, иш аткарылгандан кийин сүрөт-видео жөнөтүү шартын койгон. Андан кийин 30 миң доллар акча берерин убада кылган.

Милиция кызматкерлери жасалма «адам өлтүрүүнү» уюштуруп, ынанымдуу болушу үчүн сүрөт-видеолорду даярдаган. Аны абакта отурган адамга жөнөтүшкөн.

15-декабрда ал өзүнүн тууганы (33 жаштагы жигит) аркылуу акчаны берип жиберген. Ал милиция тарабынан колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учуда иликтөө иштери уланууда.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, абакта отурган экс-чиновник мурдагы өнөктөшүнө ири суммада акча карыз болгон. Абактан чыккандан кийин акчаны доолабасын деп анын көзүн тазалоону чечкен.

Exit mobile version