Site icon Reporter.kg

Абакта отургандарды балдары менен жолугуу үчүн үйүнө баруусуна уруксат берүү пландалууда

Соттолуп, абакта отурган жарандарды балдары менен жолугуп келүүсү үчүн түрмөдөн чыгуусуна уруксат берүүнү караштырган мыйзам долбоору бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан экинчи окууда кабыл алынды.

Бул мыйзам долбоору менен балдары бар жана жалгыз бой ата же эне болгон жалпы режимдеги абактарда отурган жарандарды баласы менен жолугушуп келүүсү үчүн абактан чыгуусуна уруксат берүү сунушталууда. Бирок жолугууга чыгуу үчүн баласынын же аны караган мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу керек болот. Соттолгон адам баласынын жанында бир жума жүрө алат. Ошол эле учурда 7 күндөн тышкары жолго өзүнчө убакыт берилет. Бул демилге соттолгондордун оңолуусуна, кайра коомго аралашуусуна түрткү берүү максатында сыноо иретинде ишке ашырылат.

Буга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков билдиргендей, учурда абактарда аталган категорияга кирген 60 киши бар. Бул сунуш өмүр бою абакка кесилгендерге, уюшкан кылмыштуу топтун катарында кылмыш жасагандарга, абакта отурганда кылмыш кылгандарга, террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы, оор жана өзгөчө оор кылмыш жана башка кээ бир кылмыш жасагандарга тиешелүү эмес.

Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча, жатак абактарда, жалпы режимдеги түрмөлөрдө, тарбиялык абактарда отурган, чарба жумуштар үчүн тергөө абактарында, түрмөдө калтырылган адамдарга аялы же күйөөсү, жакын тууганы катуу ооруп калганда, каза тапканда, ага же үй-бүлөсүнө чоң материалдык чыгым алып келген жаратылыш кырсыгы болгондо үйүнө бир жумага барып келүүгө уруксат берилет. Бул норма ошол боюнча калат.

Exit mobile version