Site icon Reporter.kg

Абактагы адамды сүйүп калган кыз батирсиз калды. Чоо-жайы

Абакта жазасын өтөп жаткан жаран бишкектик кызды алдап, анын батирсиз калтырды. Бул боюнча айыпталуучуга соттун өкүмү чыкты. Соттун чечими Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Илим (аты-жөнү өзгөртүлдү ) абакта отурганда кылмыштуу схеманы даярдаган деп айыпталган. Ал Феруза (аты-жөнү өзгөртүлдү) менен WhatsApp аркылуу таанышып, достук мамилени улантууну сунуштаган. Анын макулдугун алган Илим ага бизнес менен алектенем деп калп айткан, бирок аны сатып кетишкендиктен ал түрмөгө түшүп калганын билдирген.

Кыз ата-энеси ага Бишкектен батир сатып бергенин айткан. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Илим Ферузага коркунучта экенин айтып, эгерде ал карызын төлөбөй калса, аны өлтүрөм деп коркутуп жатышканын айткан. Ал эми кыз ага жардам бербесе, анда ал өзүн-өзү өлтүрөрүн билдирген. Илим Ферузанын акчасын өз унаасын сатып, төлөп берүүнү убада кылган.

Феруза батирин (баасы 31 000 доллар) күрөөгө коюп, 15 000 доллар алган. Акчаны белгисиз адамдар аркылуу Илимге берип жиберген. Ошондон кийин ал дайынсыз болгон. Бул иш боюнча «Алдамчылык» беренеси менен иш козголгон. Соттук териштирүүдө Илим карызга акча алганын, эки жумада туугандарынын жардамы менен кайтарып берүүгө аракет кылаарын айткан.

Сотто Феруза Илимди сүйүп калганын мойнуна алган, ошондуктан ага абдан ишенген. Кыздын айтымында, ал соттолгон адам менен байланышын үзүүгө аракет кылган, бирок ал жардам сурап жалдырай баштаган. Ал карызынан улам катуу сабалганын, эгер жардам бербесе, өз жанын кыярын билдирген.

Жабырлануучунун көрсөтмөсүнө ылайык, Илим көйгөйлөрүн чечүү үчүн ага батирин убактылуу күрөөгө коюуну сунуштаган.

Феруза Илимдин сатууга убада кылган унаасы жок экенин билгенден кийин укук коргоо органдарына кайрылган.

Күбөлөрдүн айтымында, келишим түзүлүп жатканда Илим жабырлануучуну карындашы катары көрсөткөн. Ал эми каражатты бизнес үчүн керек болгонун айткан.

Свердлов райондук соту Илимди күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты. Мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек мөөнөтүн жарым-жартылай кошуу менен акыры 20 жылга эркинен ажыратуу менен жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөй турган болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version