Site icon Reporter.kg

Адилет Балтабайдын апасы уулуна адилет өкүм чыгарууну суранууда

Беш жылга эркинен ажыратылган активист Адилет Балтабайдын иши боюнча соттук отурум 11-апрелге жылдырылды.

Соттук отурум бүгүн, 28-мартта саат 10:00до Жогорку сотто болмок. Бирок ишти жаңы соттук коллегия карай баштагандыктан, алар иш менен таанышуу үчүн убакыт алды.  Ага байланыштуу отурум 11-апрелге жылдырылды.

Адилет Балтабайдын иши боюнча соңку өкүм чыгарылары күтүлүп жаткандыктан, отурум алдында активисттин апасы Сайкал Жунусова, жубайы Гүлкайыр Жапарова, тарапташтары, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку соттун алдында бийликке жана сотко кайрылып, акыйкат чечим чыгарууну суранышты.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн (ага «Фейсбук» баракчасына чыгарган посту үчүн 2021-жылы кылмыш иши козголгон).

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Быйыл 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Адилет Балтабай камалгандан кийин анын апасы президентка кайрылуу жасап, уулу күнөөсүз соттолгонун, ага карата иш боюнча адилеттүү чечим чыгышына жардам берүүнү суранган.

Шаардык соттун чечимине байланыштуу активисттин жактоочулары Жогорку сотко арыз таштап, анда Адилет Балтабайга чыккан мурдагы чечимдерди жокко чыгарып, толук актап берүү өтүнүчүн келтирген.

10-мартта активисттин апасы Сайкал Жунусова, жубайы Гүлкайыр Жапарова, тарапташтары Жогорку соттун жана УКМКнын алдында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version