Site icon Reporter.kg

Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду

Июнь окуясы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду. Бул тууралуу акыйкатчы институтунан билдирди. 

Ага ылайык, Аскаров каза болгону тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан маалымат 25-июлда  келген. Азырынча Азимжан Аскаровдун эмнеден улам каза болгону тууралуу так маалымат жок. 

Айрым маалыматтарга караганда ал пневмония илдетинен каза болгон.

Жаза аткаруу кызматы укук коргоочунун өлүмү тууралуу маалымат бере элек.

Exit mobile version