Site icon Reporter.kg

Абактагы Илгиз Шаменов Садыр Жапаровго кайрылды

Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта кармалып жаткан Илгиз Шаменов Фейсбуктагы баракчасына анын кайрылуусу жарыяланды.

Анда президент Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылган.

“Урматуу коомчулук, Конституциянын гаранты, Садыр Нургожоевич жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн Жогорку Кенештин депутаттары;

Менден сиздерге ачык кайрылуу жана билдирүү жасайм. Абакта мыйзамсыз эч бир далилсиз отурганыбыз аз келгенсип, бизге адамкерчиликсиз жана мыйзамсыз мамиле болууда.

Кант диабети менен ооруп жатсам дагы жетиштүү деңгээлде, медициналык жардам ала албай жатам.

Бизди өтө коркунучтуу кылмышкерлерди, террористтерди кармагандай кармап жатышат.

Түрмөнүн ичинен дагы түрмөгө камашты, ичи суук, полу бетон, кир жана сырость, эч кандай шарттары жок.

Эмнеге мындай мамиле кылып жатасыңар деп сурасам, центральный аппараттан жетекчилер келип, ушундай тапшырма берип жатышат деди. Ушундай жоопторду тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор дагы жеке президенттин көзөмөлүндө деп жооп айтышты.

Урматтуу Садыр Нургожоевич сиз болсо соттор, укук коргоо органдары чечет деп айттыңыз эле. Ошондо кимге ишенебиз? Соттор, тергөөчүлөр бөрк алгыла десе баш алып жатышкан жокпу? Ортодо кандайдыр бир күчтөр, президенттин атын сатып, эки тарапты бири-бирине бурмалап, туура эмес маалыматтарды берип жаткан жокпу?

Урматтуу президент ЖК депутаттары, эмнеге бизге карата мындай адамкерчиликсиз мамиле болуп жатат?

Садыр Нургожоевич эгер чындыкты билем десеңиз, тез арада көз карандысыз комиссия түзүп чыныгы кылмышкер, душмандарды аныктасаңыз болот”- деп айтылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, буга чейин да Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов да абактагы абалдын начарлыгын, муну кыйноонун бир түрү катары сыпатташкан болчу.

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлаганы айтылууда.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version