Site icon Reporter.kg

Абактагы күйөөсүнө акча алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды

Абактагы күйөөсүнө акча алып кирүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-январда Жалал-Абад шаарындагы №10 абакта жазасын өтөп жаткан  күйөөсүнө акча алып кирүүгө аракет кылган аял аныкталган.

Анда 17 жылга эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан Ош облусунун Ш.у.Ч. тургунуна М.А. аттуу аялы 4 саатка жолугушууга кирүүгө уруксат сурап кайрылган.

Уруксат алгандан кийин аял абакка алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмеси боюнча таанышып, бирок ага карабастан тинтүү учурунда коюнуна катылган кара түстөгү баштык табылган.

Аны ачканда ичинен 40 миң рубль жана 1 миң 300 сом табылып, акт түзүлгөн.

Бул факты тийиштүү түрдө катталып, топтолгон материалдар ЖАМКтын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 53507,53508″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version