Site icon Reporter.kg

Абактагы өспүрүмдөр кесиптик адистиктерге ээ болду

Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14- тарбиялоочу мекемесиндеги соттолгон 7 өспүрүм окууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк алышты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жашы жете электер камалган мекемеде мурдагы мыйзам бузуучулар кесиптик лицейди ийгиликтүү аяктап, техникалык адистикке ээ болушту.  Мугалимдер аларга тиешелүү сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Exit mobile version