Site icon Reporter.kg

Абактагы Перизат Сурановага тез арада операция жасалышы керек

Бийликти басып алуу максатында массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалгандардын бири — Перизат Сурановага тез арада операция керек. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, Суранованы 2022-жылдын 28-декабрында Бишкектеги СИЗО-1ден поликлиникага текшерүү үчүн алып кетишкен. Дарыгерлер айыпталуучуга “жатындын миомасы, гидросальпиноз” деген диагноз коюшкан.

«Дарыгер  жалпысынан дарыланууга тийиш экенин, бирок операциясыз айыктыруу мүмкүн эмес экенин белгиледи. 10-январда Перизат Суранованы Чүй облустук ооруканасынын дарыгери кошумча текшерген. УЗИден кийин дарыгер мурда коюлган диагнозду тастыктап, шашылыш операция жасоо маанилүүлүгүн белгиледи», — деп жазган Касиет Мамырбай.

2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version