Site icon Reporter.kg

Абактагы “смотрящийге” баңгизат алып бара жаткан киши кармалды

Бир тууган иниси үчүн салым катары баңгизат алып бараткан жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

3-март күнү атайын пландын негизинде  Бишкек-Ош авто жолунун “Сосновка” постунда саат 20:15 чамасында “Киа-Рио” үлгүсүндөгү авто унаасын Н.А. аттуу жарандын башкаруусунда токтотулган. Аны менен чогу авто унаанын ичинде 1986-жылы туулган Жалал-Абад облусунда тургуну О.Т. аттуу жаран болгон. Кароонун жүрүшүндө О.Т. атуу жарандын каршылык көрсөтткөндүгүнө байланыштуу милиция кызматкерлери жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбөө жана анын качып кетишине жол бербөө максатында авто унаанын алдыңкы жүргүнчү терезесин сындырып О.Т. аттуу жаранды кармашкан.

Сырткы кийиминин сол колтуктун астында желим целлофанга оролгон кап табылган, анын ичинде кара куурайдын өзгөчө жыты бар 21 таңгак кочкул жашыл түстөгү заттар алынган, андан тышкары О.Т. курткасынын сол каптал чөнтөгүнөн ошондой эле окшош белгилери менен 1 таңгак табылган.
Ал эми, Н.А. аттуу айдоочусун жана анын авто унаасын тинтүү учурунда эч нерсе табылган эмес.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалган О.Т. аттуу жаран алынган заттарды өзү жасагандыгын, буга чейин милиция Бишкек шаарынын Тергөө абагында коргоп, тийишпөө үчүн “Смотрящийге” алып бара жаткандыгын аныкталган. О.Т. атуу жаранынан 22 таңгак өлчөмүндөгү алынган заттын жалпы салмагы 400 граммды түзгөн. Изилдөөнүн корутундусуна ылайык, алынган зат 393 грамм таза салмагы бар кара куурай чайыр (гашиш) баңгизат болуп аныкталган.

Кармалган О.Т. аттуу жаран Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

 

Exit mobile version