Кыргызстанда түрмөдө отургандар ур-тепкиге кабылып, катаал мамиле жасалып жаткандыктан абактагылар жапырт ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Reporter.kgге абакта отургандардын жакындары билдирди.
Алардын айтымдында, Жазаларды аткаруу кызматына Чыңгыз Кожошев жетекчи болуп келгенден кийин тергөө абактарында жана түрмөлөрдө тинтүүлөр башталып, абакта отургандар ур-тепкиге кабылып, катаал мамиле жасалууда. Ошондой эле кыштын күнүндө абактарда от жагууга уруксат берилбей, соттолгондор суук камераларда отурганга аргасыз. Мындан улам түрмөдөгүлөр ачкачылык жарыялоону чечкен.
Абактагылардын жакындары аларга кабатыр болуп жатышканын айтышты.
Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат кызматы абактагы уруп-сабоолор, катаал мамиле тууралуу, «от жагылбай жатат, абактагылар ачкачылык кармады» деген маалыматты төгүндөп, андай сөздөр калп экенин, абактар кадимки тартип иштеп жатканын билдирди.
Ошондой эле аталган мекемеге Чыңгыз Кожошев башчы болуп келгенден кийин абактагыларды тинтүүлөр күч алганы тууралуу маалыматты четке кагышты. Маалымат кызматы билдиргендей, тинтүүлөр план боюнча жүргүзүлүүдө. Жакында эле №1 тергөө абагында тинтүү болуп, ал жакта отургандардан 62 уюлдук телефон, 12 кубаттагыч табылып алынган.