Өлкөгө абаны булгаган сапатсыз күйүүчү май келүүсүн кыргыз өкмөтү колдоодо

Өлкөгө абаны булгаган сапатсыз күйүүчү май келүүсүн кыргыз өкмөтү колдоодо

Бүткүл дүйнө экологиялык көйгөйлөргө тынчсызданып, автоунаа күйүүчү майынын заманбап стандарттарына өтүп жаткан чакта, Кыргызстан сапатсыз автоунаа күйүүчү май таштоочу жай болуп кала берүүдө.  Бул тууралуу Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда өлкөдөгү мындай кырдаал 2025-жылга чейин созулушу мүмкүн. Анткени Кыргызстандын Экономика министрлиги ЕЭКке Бензиндин жана дизелдик отундун сапатын жөнгө салуучу Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин аткарылышын 2025-жылга чейин узартуу өтүнүчү менен кайрылган. 

“Кыргызстандын Экономика министрлиги ЕАЭБдин комиссиясына “биздин жергиликтүү нефтикайра иштетүүчү ишканалар азыр даяр эмес, аларга колдоо көрсөтүү максатында 2 жыл бергиле” деп мөөнөт сурап, алар макул болушкан. Биздин экономика министрлиги эми дагы  2 жылга узартууну суранып жатыптыр. Бул өтө жаман көрүнүш, анткени бүгүнкү күндө ЕАЭБдин аймагында, Европада К6 классындагы күйүүчү майга өтүүдө. Ал эми биздеги айрым күйүүчү май ташыгандар эч кайсы класска илинбеген, өтө төмөнкү сапаттагы күйүүчү майды ташып келишүүдө”, — дейт Эшатов. 

Маалымат жыйынга катышкан «Жашыл энергия» коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиева кыргыз өкмөтүнүн сапатсыз күйүүчү майларды колдонууну узартуу аракетин кыргыз жарандарына кыргын уюштуруу менен салыштырды.

“Биз канча айтып чырылдабайлы көңүл бурушпайт. Баарыңар билесиңер акыркы жылдары Бишкек абасы эң кир деген шаарлардын тизмесинде биринчи орунга чыкты.  Мунун негизги себеби Кыргызстанда колдонулуп жаткан сапатсыз күйүүчү майлар. Андан сырткары автоунаалардын көпчүлүгү  зыяндуу затты жок кылуучу керектүү жабдыктары жок жүрөт, керектүү техникалык текшерүүлөрдөн өткөн эмес, эски автоунаалар.  Мына ушул нерселер бизде абанын булгануусунун бирден бир себеби.  Бул биздин ден соолугубузга, айлана — чөйрөгө кандай таасир берет өзүңөр билесиңер. Муну көрүп, туруп биздин өкмөт бизге кам көрүүнүн ордуна атайын эле кырып аткандай сезилет. Абанын булганычтыгы боюнча мегаполисттер  Бишкектен артта калды”, — дейт Султангазиева

Маалымат жыйындын уюштуруучулары чындыгында, көпчүлүк мунай сатуучулар кечигүүнү өндүрүштү өркүндөтүү үчүн колдонбостон, укмуш киреше алуу үчүн класстык эмес күйүүчү майды ташып келүүнү каалашат деген пикирлер бар экендигин айтышты.

Ошондой эле  Кыргызстан саясий чечим кабыл алып, К4-К5тен төмөн класстагы автоунаа күйүүчү майын Кыргызстанда колдонууга тыюу салган Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин киргизмейин  экологиялык көйгөй курчуй берет деп кошумчалашты. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>