Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде 2022-жылдын 15-декабрында Бишкек шаары биринчи орунга чыкты. Рейтингде биринчи орунда 221 индекс (AQI) менен Бишкек шаары, андан кийин 191 индекс менен Кытайдын Чунцин шаары болсо, 3-орунда Бангладештин Дакка шаары болду. Reporter.kg башка өлкөлөр абанын булганышы менен кантип күрөшүп жатканына кызыкты.
Индия
Индиянын борбору Дели дүйнөдөгү эң булганган шаарлардын бири деп эсептелет. Абанын булганышына байланыштуу Индиянын бийлиги мектептерди жабууга, каттамдарды токтотууга жана коомдук саламаттыкты сактоого өзгөчө кырдаал жарыялоого мажбур болуп келет.
Эгерде абанын булганышынын деңгээли 1 куб метрге 50 микрограммдан ашпашы керек болсо, Индиянын борборунда орточо көрсөткүч 113 болуп саналат. Абанын булганышына 10 миллионго жакын унаа, курулуш жана көмүр жагуу негизги себеп болуп саналат.
Өткөн айда булгануунун жогорку денгээлине жеткенден кийин, бийлик өзгөчө кырдаал жарыялап, тургундарга миллиондогон коргоочу беткаптарды таратты. Абаны тазалоо үчүн Дели убактылуу бардык курулуштарга тыюу салып, жолдордо унаалардын санын чектеди.
Мындан бир нече жыл мурун Индиянын бийлиги абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну азайтуу максатында жуп номерлүү автоунааларды айдын жуп күндөрүндө, ал эми так номерлүү унааларды так күндөрү гана айдоо тартибин киргизген. Ал эми өткөн жылы өрт өчүрүүчүлөр көп кабаттуу үйлөрдөн суу чачып, таштанды таштоочу жайларда чыккан өрттөрдү өчүрүп, шаарга чаң тарап кетпеши үчүн курулушчуларга курулуш объектилерин тосмо менен жаап, жабууга милдеттендирилген. Бирок кээ бир адамдар бийликтин мындай чараларын өтө үстүртөн жасалган аракеттер деп эсептешкен. Былтыркыга салыштырмалуу Делиде абанын булгануу деңгээли 5 пунктка жогорулаган.
Кытай
Абасы булганган өлкөлөрдун катарында Кытай дагы алдынкы орундарды ээлеп келет. Хотан шаары булгануусу боюнча рейтингде сегизинчи орунда турат, ал 1 куб метрге 116 микрограммга жетет. Би-Би-Си белгилегендей, Индияга салыштырмалуу, бул жердеги абал жакшыраак, анткени Асман империясы дыйкандар талааларын тазалоо үчүн колдонулган айыл чарбалык өрттөөдөн баш тарткан. Бирок Кытай, балким, дүйнөдөгү эң көп көмүр электр станцияларына ээ.
Кытайдын Коммунисттик партиясынын курултайында премьер-министр Ли Кэцян абанын булганышына каршы согуш жарыялап, «асманды кайрадан көгүш кылам» деп убада кылган. Ал оор өнөр жайдын кубаттуулугун кыскартууну, ошондой эле күйүүчү майлардан алынбаган энергияны пайдаланууну кеңейтүү үчүн энергетика тармагын реформалоого белсенген. Анын планына ылайык, Кытай европалык жана америкалык көрсөткүчтөргө туура келиши керек. Күрөштүн натыйжалары ийгиликтүү болууда – мисалы, шаарларда абадагы майда бөлүкчөлөрдүн концентрациясы төрт жылдын ичинде 32%га азайган.
Лондон
Лондондо да азот диоксиди көйгөйү бар – ал дем алуу органдарынын сезгенишин пайда кылат, ал эми анын узак мөөнөттүү таасири дени сак адамда астма менен ооруган адамдардын симптомдорун пайда кылат. Шаар абадагы азот диоксидинин нормасына алты жылдын ичинде гана жете алат. Буга каршы күрөшүү үчүн шаарда “Абаны өтө көп булгаган” унаалардын айдоочулары айыпка жыгыла турган “Ультра-төмөн чыгындыларды чыгаруучу аймак” түзүлгөн. Мисалы, көпчүлүк жеңил унаалар, мотоциклдер же жүк ташуучу унаалар үчүн бул 12,5 фунт стерлингди (16,5 доллар) түзөт, бирок автобустар же жүк ташуучу унаалар сыяктуу чоң унаалар үчүн айып 100 фунтка (131 доллар) чейин жетет.
Босния жана Герцеговина
Босния жана Герцеговинанын борбору Сараеводо абанын булганышы 9-декабрда эң жогорку чегине жеткен. Аны азайтуу үчүн алар жүк ташуучу унаалардын шаар ичинде жүрүүсүнө тыюу салып, ошондой эле бардык ачык иш-чараларды токтотуп, тургундарды үйлөрүнөн чыкпоого чакырышкан. Расмий маалыматтарга ылайык, Сараевонун абасындагы PM10 бөлүкчөлөрүнүн деңгээли (диаметри 10 микрометр же андан аз) Евробиримдиктин нормасынан кеминде эки эсе, кээде беш эсеге чейин ашкан. Себептердин арасында шаардын адырлуу рельефин эске алуу менен аба агымын тосуп жаткан асман тиреген имараттардын санынын өсүшү, ошондой эле эскирген унаалардын колдонулушу жана көмүрдү керектөөнүн өсүшү деп эсептелген.
Кыргызстан
Кыргызстандын Каржы министрлиги Бишкекте абанын булганышын же ыш маселесин чечүү үчүн Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.
Маалымдалгандай, каражатты «абанын сапатын жакшыртуу, жылуулук менен камсыздоонун экологиялык жактан таза чечимдерин илгерилетүү жана Бишкекти жашылдандыруу чараларын көрүүгө» жумшоо пландалууда. 2022-жылы Жаратылыш ресурстары министрлигине экологиялык абалды жакшыртууга 856,3 млн сом каралган. Анын 628,5 миллион сому бюджеттен, 227,8 миллион сому атайын эсептин эсебинен. Азырынча каражаттын 72%ы бөлүндү, калганы декабрь айынын аягына чейин алынат. Мындан тышкары Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 3,7 миллион доллар же 301,3 миллион сом түшкөн жана өткөн жылдардагы өздөштүрүлбөй калган каражаттардын калдыгы да берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз