Абдикарим Алимбаев Баткендин облус башчысы кызматынан алынды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алимбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынды. Алимбаев Баткендин облус башчысы болуп 2021-жылы майда дайындалган.