Бүгүн 5-майда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Абдикарим Алимбаевди Баткен облусунун активине тааныштырды.
Ал эми ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары кызматына Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары кызматында иштеп турган Абдирашит Ташбалтаев дайындалган.