Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берүүгө кирип кетти

Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берүүгө кирип кетти

Бүгүн, 13-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берүүгө кирип кетти.

Ал 7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда жаракат алганы маалымдалган. Бирок бүгүнкү күч тузүмдөрүнүн жетекчилеринин жыйынында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев Сегизбаевдин эч кандай жаракат албаганын жана ал качып бара жатканда жыгылып түшкөнүн билдирди.

Сегизбаевди 11-августта ИИМдин кызматкерлери келип,  13-августта саат 15:00гө суракка чакырып кетишкен. Сегизбаевдин айтуусунда: «7-8-августтагы окуя боюнча күбө катары чакырылдым».

Белгилей кетсек, 7-8-августта Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди  кармоо операциясында жүздөн ашык адам жаракат алып, УКМКнын “Альфа” тобунун 6 жоокери барымтага алынып, бир офицер октон каза болгон.  “Адамды барымтага алуу”, “Массалык башалмандык уюштуруу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча бир нече адам камакка алынган.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>