Абдил Сегизбаев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди 

Абдил Сегизбаев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышууну ниет кылгандар 14-ноябрь саат 23:59га чейин БШКга арыз бериши керек.

БШКнын 14-ноябрь саат 21:00гө карата маалыматына ылайык, БШКга арыз бергендердин саны 63 адамга жеткен.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>