Абдил Сегизбаевдин камакта калуу мөөнөтү 2 айга узартылды

Абдил Сегизбаевдин камакта калуу мөөнөтү 2 айга узартылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин камакта калуу мөөнөтү 2 айга узартылды. Мындай чечим 19-мартта өткөн отурумда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Сегизбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Сот анын абакта калуу мөөнөтун 25-майга чейин узартты.

Белгилей кетсек, 25-январда Абдил Сегизбаев “Белизгейт” окуясы боюнча камакка алынган. Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып коюлууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>