Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин камакта калуу мөөнөтү 2 айга узартылды. Мындай чечим 19-мартта өткөн отурумда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Сегизбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Сот анын абакта калуу мөөнөтун 25-майга чейин узартты.
Белгилей кетсек, 25-январда Абдил Сегизбаев “Белизгейт” окуясы боюнча камакка алынган. Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып коюлууда.