Абдил Сегизбаевге тилектеш журналист Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтты

Абдил Сегизбаевге тилектеш журналист Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтты

Абдил Сегизбаевге тилектеш журналист Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди. Ал муну өз өмүрүнө коркунуч туулганы, бийлик тарабынан куугунтук болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Юлия Барабина kaktus.media сайтына 15-февралда интервью берди. Анда блогер өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, себебин мындайча түшүндүргөн:

“Мени Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур кылышты. Буга үйүмдү негизсиз тинтүү, аңдуулар, тыңшоолор жана адвокаты жок суракка барганым негиз болду. Башында “мени жаңылыш суракка алышты, эми баары ордуна келет,” деген үмүтүм бар эле. Бирок андай болгон жок”.

Ошондой эле Барабина басылмага «Фейсбуктагы» «Правдоруб.кг» тайпасы жана ага жарыяланып турган билдирүүлөр тууралуу да кеңири айтып берген.

Аталган тайпада мурдагы ажо Сооронбай Жээнбеков баштаган бийликти, андан соң былтыр октябрь окуяларынан кийин келген азыркы бийликти сындаган билдирүүлөр жарыяланып турган жана ага Барабина администраторлук кылат.

Блогер 3-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка барган. Аны менен чогуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанова, Кутман Мукашев жана Нурзада Токтогулова да суракка кирип чыкканы айтылган. Алар «Фейсбуктагы» билдирүүсү үчүн суралып жатышканы кабарланган.

УКМК бул тууралуу маалымат берген эмес. Атайын кызматтын өкүлү бул тууралуу ырасмий кабар таратпаганын, азырынча эч кандай маалымат бербей турганын айткан.

Ал эми активисттер өздөрү Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айыпталып жатканын жазышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>