Абдыгулов: Өткөн жылга салыштырмалуу мигранттар которгон каражат 19%га аз

Абдыгулов: Өткөн жылга салыштырмалуу мигранттар которгон каражат 19%га аз

Кыргызстанда чет жактан акча которуунун көлөмү азайганы байкалууда. Бул тууралуу 27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов «Кабар» улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда айтты.

Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында жеке адамдардын акча которууларынын жалпы суммасы 343 миллион долларды түздү. Бул былтыркы жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 19% аз.

«Мигранттардан которулган акчанын азайышы өлкөдөгү жалпы суроо-талапка таасирин тийгизет жана калктын керектөө көрсөткүчүнүн жайлашын шарттайт», —  деди Абдыгулов.

Ошону менен катар Кыргызстанда ишкердиктин активдүүлүгү төмөндөп, январь-апрель айларында ички дүң өнүм 3,8% кыскарганы айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>