Абдылдаев: Президент жаңы кызмат менен куттуктап, кайра токтомду артка кайтарганы туура эмес

Абдылдаев: Президент жаңы кызмат менен куттуктап, кайра токтомду артка кайтарганы туура эмес

Бүгүн, 14-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөрү айтылып, анда өкмөттүн курамын жана программасын бекитилери кабарланган. 

Учурда көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө.  Анда сөз алган Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев башаламандыктан кийин президент Сооронбай Жээнбеков ага күндө телефон чалып тургандыгын айтты. 

Ошондой эле мамлекет башчысы аны Жогорку Кеңешке төрага болуусу менен куттуктап, кризисттик кырдаалдан чыгууга көмөк сурагандыгын билдирди. 

 “Алтысында чогулдук колдон келишинче депуттар.Ошол жерде көпчүлүк депуттар кичине баш-көз болуп туруңуз дегенинен мен төрагалыкка макул дедим эле. Андан кийин мамлекет башчы баш болуп төрага болушуңуз менен куттуктайбыз деген. 6-октябрдан 10-октябрга чейин оор күндөр болду.  Ошондо баарыбыз мамлекеттик позицияда болуп, ошондо эле 6-7-октябрда эле чогулсак болмок.

8-9-10-октябрда 3 күн президент чалып, сүйлөштүк. Ошондо ал «Мыктыбек Юсупович колдон келишинче кризистен чыгарганга жардам бериңиз» деген. Эмне үчүн анда онундагы жыйын легитимсиз деп алтысындагы жыйында мени куттукташкан. Ошондуктан эки ача ойдон чыгып бир түз жол менен кетишибиз керек.  Ал эми онунда болсо жок кворум жок деп токтомду артка кайрыды. Мен ойлойм мындай болбош керек эле деп”, — деди Мыктыбек Абдылдаев.

Башаламандык болуп, митингчилер Ак Үйдү басып алгандан кийин 6-октябрда “Достук”  мейманканасында ЖКнын кезексиз жыйыны өткөн.  Ал жерде спикерликтен арызын жазып кеткен Дастан Жумабековдун ордуна Мыктыбек Абдылдаевди ал кызматтан кетүү тууралуу арыз берген өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун ордуна Садыр Жапаров дайындалган.

Кийин бул чечимди айрым депуттар кворум жок деп тааныбай тургандыгын жарыялаган соң Мыктыбек Абдылдаев спикерликтен баш тарткан.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>