Абдышүкүр ажы Нурматов жума күнү бош калган мечиттер үчүн ыйлады — видео

Абдышүкүр ажы Нурматов жума күнү бош калган мечиттер үчүн ыйлады — видео

Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мурдагы төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов жума намаз күнү мечиттер бош калгандыгы үчүн көзүнө жаш ала ыйлады.

Анын мусулмандарга кайрылган жана элдин амандыгын, өлкөнүн тынчтыгын тилеп дуба кылган видеосу «Насаат медиа» порталынын “Инстаграммдагы” баракчасына жүктөлдү.

“Бугүнкү жума күнү башка жума күндөргө окшобойт. Жетимсиреген мечит.  Жума деген сөз жамаат деген сөздөн алынгандыгына карабастан жамааты жок жума. Азыр жуманын убактысы келеген кезде, азаны бар жума бирок кааматы жок жума…”, — деп көзүнө жаш ала сүйлөгөн.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) коронавирус оорусунун кооптулугуна байланыштуу 17-мартта жума намазын окууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган.

сүрөт: «Насаат Медиа» порталы

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>