Site icon Reporter.kg

«Абдыш-Ата» үчүнчү ирет өлкө чемпиону болуп, $50 миң сыйлык алды

«Абдыш-Ата» футбол клубу үчүнчү ирет Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Кечээ, 5-ноябрда Кант шаарында өлкөнүн премьер-лигасынын алкагында «Абдыш-Ата» менен «Дордойдун» беттеши өттү. Бул оюнда «Абдыш-Ата» 1:0 эсебинде женишке жетти. Бул жеңиши менен клуб мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандын чемпиону болду.

Жеңүүчүлөргө Кыргыз футбол биримдиги тарабынан 50 миң доллар акчалай сыйлыктын фертификаты тапшырылды.

Exit mobile version