Site icon Reporter.kg

Ленин округунан депутат шайлоого бюджеттен 18,5 млн сом жумшалды

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом жумшалды.  Чыгымдардын сметасын Борбордук шайлоо комиссиясы бекитти.

Эске салсак, добуш берүү бүгүн, 28-майда өтүп жатат.

Шайлоо аталган округдан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленген.

Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

Жаныбек Абировдун ордуна кимдер депутат болууну көздөп жатат? Тизме

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version