Абитуриенттердин эсине! Быйыл ЖОЖдорго кабыл алуу толугу менен онлайн өтөт

Абитуриенттердин эсине! Быйыл ЖОЖдорго кабыл алуу толугу менен онлайн өтөт

Быйылкы окуу жылында Кыргызстандагы абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул туурадуу билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Учурда бул жараянды ишке ашыруу үчүн «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты.

www.2020.edu.gov.kg сайтына Кыргызстандагы бардык окуу жайлар, факультеттер, адистиктер киргизилген. «Абитуриент online» кабыл алуунун жүрүшүн реалдуу режимде күзөтүүгө, рейтингдеги орунун көрүүгө окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын сынактын жүрүшүнө жана жыйынтыктарына таасирин минималдаштырууга жана абитуриент өзү каалаган окуу жайга тапшырууга мүмкүндүк берет.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн босого баллдан жогору алган ар бир абитурент тиешелүү сертификат жана талон менен жогорку окуу жайдын имаратына барбай эле, өлкөнүн каалаган бурчунан порталга катталып, окуу жайга тапшыра алат. Профилдик предметтик тесттин болушу тиешелүү багыттарга кабыл алууда абитуриентке артыкчылык укук берет. Жеңилдик алууга талапкерлер тиешелүү документтерди тиркеши керек.

Кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталат. Табыштаманы 22-июль саат 14:00гө чейин берүү зарыл. Кабыл алууга сунушталган абитуриент 25-июль саат 18:00гө чейин тандаган адистик боюнча билим ала турганын тастыкташы керек, тастыкталбаган учурда анын орду бош деп эсептелет.

Тастыктоо үчүн абитуриент автоматташтырылган маалыматтык системасына электрондук түрдө кийинки документтерди тиркеши керек: паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк; орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом; ЖРТнын сертификатынын алдыңкы бети; окуу үчүн төлөм жөнүндө дүмүрчөк (контракттык негизде кабыл алынган учурда). Аталган документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында берүү керек.

Бош орундар болгон учурда 2-тур 27-июлдан 1-августка чейин өткөрүлөт. Табыштамалар 29-июль саат 14:00гө чейин кабыл алынат. 3-тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 3-августтан 8-августка чейин өткөрүлөт, каттоо 5-август саат 14:00гө чейин жүрөт. Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуунун мөөнөттөрү жож тарабынан өз алдынча белгиленет.

Бардык суроолор боюнча 1919 кыска номеринен жана www.2020.edu.gov.kg сайтынан маалымат алса болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>