Абылгазиев «Айыл банктын» жетекчилигине калкты насыя менен жеткиликтүү камсыз кылууну тапшырды

Абылгазиев «Айыл банктын» жетекчилигине калкты насыя менен жеткиликтүү камсыз кылууну тапшырды

Бүгүн, 29-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл банк» ачык акционердик коомунун жетекчилигин – башкармалыктын төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана  кеңештин төрагасы Малабек Токтоболотовду кабыл алды. 

Жолугушууда мамлекеттик банктын ишмердүүлүгүнүн калкты насыя каражаттары менен жеткиликтүү камсыз кылуу, айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө жана ипотекалык кредиттөөнү жакшыртуу боюнча маселелер топтому талкууланды.

Шамкеев финансы мекемесинин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары жана банктын келечек пландары тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, дыйкандарды кредиттөө жана аймактарда бизнес-долбоорлорду каржылоо багытында банктын алдына коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу маанилүү.

«Өлкө аймактарында бизнес-долбоорлорду каржылоо максатында кредиттик продуктулардын кошумча пакетин иштеп чыгууга көңүл буруу керек», – деди Абылгазиев.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Айыл банк» акционердик коомунун жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>