Абылгазиев: анализдери таза чыкканда гана обсервациядагылар үйлөрүнө чыгарылат

Абылгазиев: анализдери таза чыкканда гана обсервациядагылар үйлөрүнө чыгарылат

Кайталап алынган анализдери таза чыкканда гана обсервацияда жаткандар үйлөрүнө чыгарылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев обсервацияларда жаткандарга кайрылуусунда айткан.

 “Обсервациялык жайлар оңдолуп жана бардык зарыл шарттар түзүлүп даярдалган. Медицина жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар өз өмүрүн тобокелге салып, жарандардын ден соолугун коргоо жана сактоо үчүн күн-түн дебей иштеп жатат. Алар эң жакын адамдарынан обочолонуп, үй-бүлөсүн көптөн бери көрбөй иштеп жүрүшөт», — деп белгилеген Абылгазиев. 

Өкмөт башчы муну менен бирге миллиондогон жарандар кирешесинен айрылып, чыгымдарга дуушар болуу менен карантиндик шарттарда жашап жатканын мисал келтирген.

 “Айрым жарандар обсервацияга келген күндөн баштап медицина кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүүдө. Алар башка адамдардын саламаттыгына коркунуч жаратып, жарандардын тынчын алып, тартип бузушууда. Жарандарыбыз кандай оорчулуктарга туш болгонун түшүнүп турабыз. Аларда вирустун жок экендиги аныкталганда гана үй карантинин сактоо үчүн аларды жашаган жерлерине жеткирүү уюштурулат”, — деген өкмөт башчы.

17-майда Соль-Илецкиден келгендер обсервациядан чыгарууну талап кылып, жаңжал кыылган  видеосу интернетке тараган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев алар менен жолугуу үчүн  окуя болгон жерге барган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>