Абылгазиев Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышат

Абылгазиев Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышат

Бүгүн, 31-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Экономикалык Биримдигинин Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдиргендей, жыйын Казакстандын Алматы шаарында өтөт.

“Кезектеги жыйында 14 маселе талкууланат, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга, интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу Келишиминин үстүндө иштөөгө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртууга тийиштүү маселелер бар”, — деп жазылат маалыматта.

Жыйынга кыргыз өкмөт башчысынан сырткары Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Орусиянын өкмөт башчылары жана Молдованын өкмөт башчысы байкоочу катары катышат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине 2015-жылы кошулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>