Абылгазиев: Ички иштер министрлигинин рейтинги өстү

Абылгазиев: Ички иштер министрлигинин рейтинги өстү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парлементте 2019-жылдагы өкмөттүн иши жөнүндө өтчет берип жатып Ички иштер министрлигинин рейтинги жогорулаганын айтты.

“Ишеними 4,7 пайызга өстү. Көп жылдар бою бул министрлик жабык, резонанстуу, жарандар көп нааразы болгон орган болчу. Бүгүн бул орган өзүнүн стилин таптакыр өзгөртүп, коомчулук үчүн ачык боло баштады. Буга  төмөнкү иштер себепкер болот: “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип,  санариптешкен командалык борборлор түзүлүп, бирдиктүү терезе, бирдикетүү ресстр, сотолгондугу ж.б. маалыматтарды ала турган автоматташтырылган борборлордун түзүлгөндүгү. Туристтик жана патрулдук милиция түзүлдү”, — деди ал.

Учурда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө өтчетун угууда.

 Жыйынга бардык өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери да катышып жатат.

Буга чейин отчет коалициялык көпчүлүк жана парламенттин комитеттеринде каралып, жактырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>