Абылгазиев: Кризистен кийин бир нече тармак өнүгөт

Абылгазиев: Кризистен кийин бир нече тармак өнүгөт

Кризистен кийинки мезгил экономикадагы бир канча  тармактын өнүгүшүн шарттайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 28-апрелде өткөн республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтканын Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясы бүтүндөй мамлекет үчүн чоң сабак болуп, иш жүзүндө экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн баамдоого шарт түзгөн.

“Биз COVID-19 вирусун жеңгенден кийин посткризистик мезгилде бир катар тармактар өнүгүү үчүн жаңы өбөлгө алышат. Бул биринчи кезекте медицина, медициналык технологиялар, адамдык потенциалды өнүктүрүү, дистанттык билим беруү жана аралыктан кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү, электрондук коммерция жана соода. Санариптештирүү саясаты натыйжалуулугун көрсөттү. Мисалы, бүгүн биз дистанттык салыктык текшерүүлөр тууралуу чечимдин үзүрүн көрө алабыз”, — деген Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр экономикалык блоктун жетекчилери статистикалык ишмердүүлүктөн четтеп, экспорттун көлөмүн кеңейтүүнү баса белгилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>